Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркиянын Бурса аймагынын Изник шаарында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйынында билдирди.
Министр Бурса аймагы Кыргыз өлкөсү үчүн өзгөчө маанидеги жер экендигин белгилеп өттү.
“Азырынча Түркия тарап көчмөндөр оюндарынын күнүн, өткөрүү форматын айта элек. Кыргыз өлкөсүнүн маданий программасы жана спортчулары оюнга барууга даяр”, - деди Жаманкулов.
Маалым болгондой, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркияда өтөрүн 2018-жылдын сентябрь айында Кыргыз өлкөсүнө расмий сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган журналисттерге билдирүү жасап жатып айткан.