Жалал-Абад облусунда ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны азаюуда. 2013-жылдын 6 айында бул ооруга кабылган 17 адам каттоодон өттү. Былтыркыга салыштырмалуу бул 40 адамга аз. Ал эми 100 миң калкка болгон көрсөткүч 1,6 адамды түздү. Бул көрсөткүч былтыр 5,4 адам болгон.