Депутат Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта БШКнын “ата журтчу” депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду депутаттык мандатынан ажыратуу маселесине байланышкан жыйынына катышпайт. Бул тууралуу эл өкүлү бизге билдирди. Айтымында, БШКдан эч кандай билдирүү келген эмес. “Жыйынга катышуу тууралуу эч кандай чакыруу келген жок. Ошондуктан жыйынга барбайм. Негизи мыйзамда мандатынан ажыратылчу депутаттар жыйынга катышуусу керектиги тууралуу жазылган эмес, ал эми БШКнын өзүнүн жобосунда жазылганбы жокпу билбейм”,- деди Жапаров.