Ош шаарынын борбордук аянтында учурда 31-август - Эгемендүүлүк майрамына карата театралдаштырылган топтун даярдыгы жүрүүдө. Кечээ, 19-августта айтылгандай, айрым партиялардын митинги өткөн жок. Маалымат жыйын берген “Кыргыз-Ата” партиясынын өкүлдөрү 18-августта өткөн Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгына нааразы экендиктерин айтышкан. Бир катар талаптар менен борбордук аянтта митинг өткөрүшө турганын билдиришкен эле.