Жалал-Абад. Шаарда 15 сомдук таштанды үчүн төлөм 43 сом болуп кымбатташы мүмкүн

Жалал-Абад шаарында таштанды үчүн төлөм кымбатташы мүмкүн. Жакында жаңы долбоор колдоо таап, таштанды үчүн жаңы орун даярдалса, жалал-абаддыктар таштандыга 43 сомдон төлөп башташат. Айта кетсек, мурда көп кабаттуу үйдөгүлөр 12,6 сомдон, жер үйдө жашагандар 15 сомдон төлөп келишкен. Бирок бул маселе азырынча долбоор гана, ишке аша элек.  

Маалымат 20-августта шаардык кеңештин кезексиз сессиясында айтылды. Банктардын бири 8 миллион евро жумшап, таштанды үчүн жаңы полигон курмакчы. Мындай долбоор шаардык кеңештин депутаттарына жаккан жок, кемчиликтери айтылды. Толук иштеп чыгып кайра талкууланмай болду. Шаар мэри Муктар Арапбаев: "Мындай долбоор бизге пайдасы көбүрөөк болсо гана керек",- дейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан