Бүгүн, 20-августта белгилүү журналист Болотбек Макетаев 53 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал көпчүлүккө “Тагдыр” автордук программасы аркылуу таанымал болчу. Белгилүү болгондой, журналист бир топ убакыттан бери боор оорусунан жабыркап келген. Маркумдун сөөгү 22-август күнү туулган жери Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жерге берилмекчи. Макетаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын жакындарына "Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын эмгек жамааты аза-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.