Оштогу "Дустлик" (Достук) чек ара бекетиндеги чектөө алына элек. Өзбекстан бекетти качан ача турганы да белгисиз экенин бүгүн КРнын Чек ара кызматынын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. "Бирок оорулуулар жана зарыл иши барлар Өзбекстанга өтүп эле жатат",- деп билдирди мекеменин басма сөз кызматкери Тазира Чоколоева. Айта кетсек, бул бекет 9-августтан бери бир тараптуу жабык.