Нарын облусунун Ат-Башы районунда ири логистикалык борбордун курулушу боюнча эл арасында түрдүү кептер айтылып, маселе боюнча талаш күч алган. Анда "Ат-Башыга курула турган логистикалык борборго Кытай ишкери ээлик кылат", "алар жерди менчиктеп алат" деген өңдүү сөздөр болгон. Буга байланыштуу 24-январь күнү өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда Ат-Башы районунда жыйын өттү.
Белгиленген жыйын Ат-Башы районундагы Апын Керимбаев атындагы орто мектебинин имаратында болду. Ага өкмөт өкүлдөрүнөн сырткары 500гө чукул жергиликтүү жашоочулар катышты. Жыйында вице-премьер Замирбек Аскаров аймакка логистикалык борбордун курулушу боюнча эл ичинде жайылган маалыматтар калп экенин айтып, элди жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Аскаров буга чейин өлкө башчынын атына, өкмөттүн атына жумушсуздукту жоюу боюнча жарандар тарабынан кайрылуулар болгонун, эгер логистикалык борбор курулса, бул маселе чечиле турганына дагы токтолуп өттү.

"Буга чейин жарандар өкмөт иштебей жатасыңар, качан өз жерибизде жумуш орду түзүлөт? деген суроолор, сунуштар менен кайрылып келген. Өкмөт бул суроолорго жооп издеп, көптөн бери жумуш ордун түзүүнү пландап жүргөн. Анын негизинде 2017-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл аймагында 200 гектар жерди жайыт жеринен трансфармациялоо жана жер тилкесине соода логистикалык борборун куруу боюнча өкмөттүн чечими чыккан. Буга байланыштуу элге шарт түзүлүп, жумуш орду менен камсыз болот", - деди Аскаров.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев бул маселеге кайдыгер эмес, ошондуктан ал өз пикирин билдирип кетүүнү туура көргөн. Турганбаев "борбордун курулушуна каршы болбой, колдоо көрсөтөлү" деп элге кайрылды.
Маселеге байланыштуу тиешелүү тараптар маалымат берип, кезек жергиликтүү элдин суроолоруна келип жетти. Өкмөт өкүлдөрүнө "Эл арасында жер кытайга акырындык менен өтүп кетиши мүмкүн" деген кептер айтылууда. Ушул кептер чынбы?" деген суроо узатылып, суроого Аскаров мындай жооп берди.
Ат-Башы районунун тургуну Сулайман Касымбеков аталган жер тилкесине логистикалык борбордун курулушуна каршы эмес, бирок кытайлык ишкердин куруп жатканына каршы. Айтымында, бул жерде кытай тараптын көздөгөн кызыкчылыгы бар. "Эгер кытайлык ишкердин көздөгөн кызыкчылыгы болбосо, ал логистикалык борборду курмак эмес" деди ал.
Ал эми Казыбек айыл өкмөтүнүн тургуну Токтобай Асиев курула турган борборго буга чейин каршы болуп келгенин, жыйындан кийин кээ бир түшүнбөгөн суроолоруна жооп алганын, ошол эле учурда депутаттар буга кепил болгонун айтты.

"Буга чейин көп нерселерге түшүнбөй келгенмин. Мени "кытайлар келип, жерди басып, түбөлүк ээлеп калат экен" деген ой кыжаалат кылып жүрчү. Бүгүнкү жыйында бул оюма жооп алдым. Депутаттар, өкмөт өкүлдөрү бул маселеге кепил болуп, кийин дагы жооп берише турганын айтышты", - деди Асиев.
Маалымат жыйында белгиленгендей, жаз мезгилинде адегенде ал жерге имарат курула баштайт. Андан соң жашылча-жемиштер сактала турган кампалардын курулушу жүрүп, ишкерлердин тартылышына жараша курулуштар жүргүзүлөт. Жалпысынан куруу иштерине 8 жыл каралган. Борбор курулса 10 миңден 15 миңге чейин адам жумуш менен камсыздалат. Келишим боюнча анын 80 пайызын Кыргыз жарандары, 20 пайызын Кытай жарандары түзөт.

Буга чейин логистикалык борбордун курулушуна 280 миллион доллар сала турган кытайлык инвестор тартылгандыгы маалымдалган. Борбор курула турган жер инвесторлорго 49 жылга ижарага 49 миллион сомго берилген. Буга чейин ижарачылар 43 миллион сомду мамлекетке төккөнүн маалымдашкан болчу. Аталган Борбор кытай-кыргыз чек арасындагы экспорт индустриясы жайгашкан, комплекстүү инфраструктурага жана жогорку көзөмөлдөгү өтмөк пунктуна ээ ири чөлкөм болмокчу.
"Индустриалдык-соода-логистикалык борбор Кыргыз Республикасынын аймактык бизнес-борбору катары гана эмес, ошондой эле Азиядагы чоң соода жана логистикалык борбор катары кызмат кылат" деп өкмөт ишендирүүдө.
Окурман, жыйындын жүрүшү тууралуу кенен маалымат алгыңыз келсе, видеоматериалды көрүңүз.