"Өкмөттүн ушул багытта иш алып барып жатканына буга чейин жакшы маани бербей келсем керек. Бирок бизде кан тапшыргандар, донорлук, жана башка тармактар жөнүндө атайын мыйзамдар бар. Анда конкреттүү түрдө баары жазылып турат. Бизде донорлордон кан алуу бир гана Кан борборунда ишке ашат жана анын өлкөдө кырктан ашык филиалдары бар. Кан алып, реципиенттерге бергенде бардык коопсуздук сакталышы керек жана реципиенттер ошол кан алуу учурунда кандайдыр бир ооруларды кан аркылуу жуктуруп алган болсо, анын баарына тиешелүү тарап мыйзамдын алдында толук кандуу жооп берүүгө милдеттүү болуп эсептелинет.
Тилекке каршы, бул боюнча чынында бизде эч иш жүргүзүлбөйт. Канчалаган бейтаптарга кан аркылуу бир эле гепатит С эмес, башка илдеттер дагы жугуп калып жатат. Буга мисал катары мындан бир нече жыл мурун түштүк жергесинде СПИДге чалдыккан адамдын окуясын мисал кылууга болот. Анда дагы аталган оору кан аркылуу жугуп, бирок көйгөй чечилбеген боюнча калган. Бул багытта биздин коңшу өлкөлөр Орусия менен Казакстан кан коопсуздугу боюнча улуттук программаны иштеп чыгып, ишке ашырышкан. Казакстандын, Орусиянын ар бир аймагы кан кызматын толук кандуу ишке ашыруу үчүн атайын кандын вирусун тазалай турган жабдуулар менен камсыз болгон. Ошондуктан аларда бул көйгөй жөнгө салынган.
Бизде кан куюу, реципиенттерди кан менен камсыз кылууну жөнөкөй эле процедура катары кабыл алып алышкан. Башка өлкөлөрдө бул нерсени операцияга тете олуттуу маселе катары кабыл алышат.
Биз өз ишмердүүлүгүбүздө дал ошол олуттуу делген онкология оорусуна чалдыккан балдарды Индияга же башка өлкөлөргө жиберебиз. Ал жактан жөнөткөн балдардын дээрлик баарынан гепатит С дарты чыкканы аныкталды. Ал балдар канга муктаж болуп, кан куюлганда дартты кошо жуктуруп алышкан. Бирок Кан борбору жана тиешелүү тараптар аны дагы моюнга албай, четке кагып келишүүдө. Өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маселени колго алуусу зарыл", - деди Деркембаева.