Депутаттар Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун мандаттарынан ажыратылышына алардын коомдук жактоочусу Акин Токталиев макул эмес. Айтымында, “ата журтчу” 3 депутатты мандатынан ажыратуу маселеси бүгүн караларын кечээ, 19-августта гана билген. “Биз апелляциялык арыз менен Юстиция министрлигине кайрылганбыз. Ал жактын чечимин күтпөй туруп депутаттарды мандаттан ажыратуу боюнча чечим чыгарылды",- дейт Токталиев.