Жаңы окуу жылынын алды менен мугалимдер кеңешмеси өтөт

Жаңы окуу жылынын алды менен 23-август күнү саат 10:00дө мугалимдердин август кеңешмеси өтөт. Кеңешмеде “Окутуунун жана тарбиялоонун биримдиги - билим берүү системасындагы реформалардын приоритеттүү багыты” аттуу тема каралат. Иш-чара муниципалдык билим берүү багыттарын өнүктүрүү жолдоруна арналат. Август кеңешмесине Бишкек шаардык мэриянын, шаардык кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигинин, райондук администрациялардын, Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун өкүлдөрү жана мугалимдер катышат. Иш-чара Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан