БШК мүчөсү: "Ата журтчу" депутаттар мыйзамга ылайык мандатынан ажыратылышты"

БШКнын мүчөсү Рашидбек Бебасаров “ата журтчу” депутаттар Талант Мамытовду, Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыратуу мыйзамга ылайык жүргүзүлгөнүн билдирди. Айтымында, Конституцияда соттун чечими келген соң депутаттарды мандатынан ажыратуу маселесин кароого 30 күн берилген. “Бул убакыт 4-сентябрда бүтөт. Ага чейин апелляциялык арыз беришет, ошондуктан 30 күндүк мөөнөттө аткарышыбыз керек. Бул Конституцияда көрсөтүлгөн, башка мыйзамдардын кереги жок, конституциялык норма соттун чечими келген соң сөзсүз аткарылышы керек. Башка жол жок”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан