18-августта өткөн Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышып, Оштогу "Кыргыз Ата" партиясынын өкүлдөрү бүгүн, 20-августта борбордук аянтта митинг өткөрүшмөк. Партиянын башчысы Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, бүгүн аянт бошобой калып, митинг өтпөй калыптыр. “Эгемендүүлүк майрамына карата даярданып жаткан мектеп окуучуларынын алдында митинг кылсак бизди Кудай кечирбейт. Ошон үчүн митинг өткөрүүнү токтоттук, эми качан болору белгисиз. Бирок шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча бизде жетиштүү далилдер бар”,- дейт Келдибаев.