"Кыргызстандагы парламенттик башкаруу коррупция менен күрөшүүгө шарт түздү",- деп билдирди 20-августта Ысык-Көлдө өткөн семинарда. Депутат өлкө башынан өткөргөн эки революциянын негизги себептеринин бири коррупция болгонун айтты.
"Кыргызстандын жаңы бийлиги коррупцияга каршы күрөшүүнү башкы орунга коюп, ага даяр экендигин көрсөттү. Парламенттик демократия коррупция менен күрөшүүгө чоң шарт түздү. УКМКнын алдында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Жогорку Кеңеште коррупцияга каршы аракетенүү боюнча комитет түзүлдү",- деди ал.