Кытайда коронавирусту дарылоочу алгачкы оорукана эки күндө даяр болду! Оорукана бейтаптарды кабыл алууда

Кытайдын Хуанган шаарында "Dabie Mountain" деп аталган биринчи адистештирилген оорукана ишке кирди. Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.
Бүгүн, 30-январь күнү Ухан шаарына жакын жайгашкан Хуанган шаарында коронавирус боюнча адистештирилген алгачкы оорукана ишке кирди. Маалыматка ылайык, ушул жердеги адистештирилген оорукананын курулуш иштери май айында бүтөт деп пландалган. Ага убакыт көп кеткендиктен, толук салынып бүтө элек имаратты аягына чыгарып, 2 күн ичинде ыктыярчылар бош имаратты 1000 киши жатканга ылайыкташкан борборго айлантышкан. Оорукана 28-январда алгачкы бейтаптарды кабыл алып, азыр толук кандуу ишке берилген.
Эске салсак, буга чейин Кытайдагы вирустун очогу болгон Ухан шаарында коронавируска кабылган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана жаңыдан курулуп баштаганы жана аны бүтүрүүгө 6 күн убакыт берилгени жазылган. Аталган оорукана 2 күндөн кийин ишке берилери күтүлүүдө.
Кытайда коронавирусту дарылоочу алгачкы оорукана ишке кирди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
kechirmeni
2020-01-30 12:57:18
Кислородный баллондор ото взрывоопасный, алар озунчо помещениеде турушу керек эле, алар жанына эле коюп коюшуптур го. Жарылып кетсе Кудай сактасын газ баллондой эле жарылат
+3
keku00
2020-01-30 22:38:42
kechirmeni,кытайский да всё равно))
0
ainura220888
2020-01-30 12:57:21
Ана... бизде бир копурону жылдап курушат. Булар гилтейген 1000кишилик больницаны 2 кундо бутуруптур. Мен чындап там бердим.
+21
Adil18
2020-01-30 13:07:01
Биздин жетекчилерде мээ жок.Алардын мээси кантип курсакты тойгузса,кантип сулуулар менен эс алса,кантип акчаларды озуно алса.
Кытай мээнеткеч калк экен элинин саламаттыгын ойлогон.
Бизде вирустарды аныктоочу аппапраттар жок го.
+19
chake
2020-01-30 13:46:11
Adil18,сен өзүн бир тоок кана салгансыңбы тазза акылдуу болуп алыпсынго
-23
Absamat-90
2020-01-30 13:27:52
ainura220888,Буларда бирмдик бар, биздегидей буттан тартмай жок.
+20
Wibee
2020-01-30 13:48:17
Аттандын гөрүүү баа бериш керек өннүккөн өлкөлөргө.Көрсө адам баласын күлүк аттай кылып таптап билимге тарбияга сугарыш керек туура а биз кыргыздар кашаң ташыркап чуркай албаган ат сыяктуубуз.
+12
Aroiz
2020-01-30 15:08:37
Wibee,Ооба чындыгында ошондойбуз
+4
Azamat6
2020-01-30 13:50:49
Силердин айтканынар туура Кытай бийлиги жакшы болсо Кытайга барып жашагыла уйгурларга окшоп
0
Wibee
2020-01-30 13:58:36
Azamat6,Кытыйдагы жашаган Кыргыздар чал кемпир экоө 30минден 60мин пенсия алышат.А бизде 3минден 6мин алат.
+2
bond02
2020-01-30 14:26:53
Охоо тан бериш керек да, башка мамлекет болгондо больница куруп буткучо канча адам тынчымак.
+1
mirkaa5182
2020-01-30 15:15:30
Кытайлар кыйын калк келет.
+1
Avrora2017
2020-01-30 16:07:19
Keche ele jerdi kazyp atyshty ele kumurskadai bolup uje turguzup koiushuptur zdaniany
0
aslan_akjol89
2020-01-30 18:53:17
Avrora2017,бул башка оорукана.
+1
kaisarbek
2020-01-31 00:35:02
Avrora2017,Ал оорукана башка 2 кундон кийин ишке берилет деп жазылып турат. Ошентсе да 6 кундо оорукана тургузуу биз учун жомок эле
0
KG.Kushtarbek
2020-01-30 20:24:38
Биз учун сказкаго
0
Krasnoebeloe
2020-01-30 22:21:22
Ёпты
0
AykaMer
2020-01-31 08:37:48
2 күндө бүтүппү ээ?! нечего себе... кандай гана аракетчил инсандар аа,,аракет кылсаң береке деген ошол да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан