COVID-19 пандемиясы башталгандан бери жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган жарандардын өлүмү 19 пайызга жогорулады. Мындай маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
"Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев республикада жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондор биринчи орунда турарын белгиледи. Пандемия башталгандан бери каза болгондордун саны өткөн жылдарга салыштырмалуу 19 пайызга көбөйгөн. COVID-19 менен ооруган жарандарда жүрөк-кан тамыр оорусу курчуп, оорунун күчөшүнө жана жүрөккө түздөн-түз зыян менен кошо өлүм алып келиши мүмкүн экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.