Ушул жылдын 5 ай аралыгында кирешелер 40 миллиард 996 миллион сом суммада аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Финансы министринин орун басары Марлен Амандыков билдирди. Анын айтымында, бул сумма 2019-жылдагы көрсөткүчкө караганда 11 миллиард 199 миллион сомго аз.
"Бул мезгилдеги чыгашалар 54 миллиард 348 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллиард 867 миллион сомго көбөйгөн. 5 айдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин жетишсиздиги 13 миллиард 352 миллион сомду түздү", - деп билдирди Марлен Амандыков.
Анын айтымында, бюджеттик каражаттардын калганы 9 миллиард 750 миллион сомду түзгөн.
"Бюджеттин тартыштыгын каржылоо булактары боюнча аткарылышы 23 миллиард сомду түздү. Алардын ичинен 4 миллиард 700 миллион сом – бул ички каражаттар жана 18 миллиард 382 миллион сом – тышкы булактар. Анын 17 миллиард сому – Эл аралык Валюта фондунан алынган насыя", - деди ал.