Бүгүнкү күнгө чейин электр жарыгы жете элек Базар-Коргондун Жаз-Кечүү айылына 2014-жылы свет берилиши мүмкүн. Учурда бул боюнча атайын долбоорлор жазылып жатыптыр. 20-августта Жалал-Абад шаарында өткөн тегерек столдо бул айылдын көйгөйү кенен талкууланды. "Жалал-Абад электр" ишканасынын өкүлү Азамат Паизов мындай дейт: "бул айылды толук жарыктандырыш үчүн 4 көмөкчордон орнотулуп, 30 чакырымдай электр чубалгысы тартылышы керек". Бирок, аны каржылай турган акчаны "Жалал-Абад электр" таба албайт. Маселе долбоорлор аркылуу гана чечилиши мүмкүн.