Курманбек Бакиевдин учагы сатыкка коюлат

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге тиешелүү болгон Як-40 учагы сатыкка коюлат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду билдирди. Аукцион 27-сентябрда саат 15:00дө Бишкектеги “Манас” аэропортунда болот. 1975-жылы чыгарылган учактын алгачкы баасы 4,2 миллион сом. Ал 26 832 саат учкан. Убагында Бакиевге кызмат кылган учак, ал өлкөдөн качып кеткенден кийин улутташтырылган. Учурда бул учак "Манас" аэропортунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан