Бишкектин мэри Иса Өмүркулов 2012-жылы 1 841 672 сом киреше тапканын тапшырган декларациясында көрсөттү. Кыймылсыз мүлктөрү: жер тилкеси (18,5 гектар), жер тилкеси (0,10 гектар), жер тилкеси (0,09 гектар) жана кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрү. Өмүркуловдун жакындары былтыр 532 953 сом киреше тааптыр. Аларга таандык 2 үй (аянттары көрсөтүлгөн эмес), батир ( аянты 36,5 чарчы метр), батир (21,1), батир (73,1), батир (36,5), 2 жеңил автоунаа, 1 оор жүк ташуучу унаа бар.