Кытай Эл Республикасынын UFC мушкерлери дүйнөгө тарап жаткан коронавируска байланыштуу медициналык текшерүүдөн өтүшмөкчү. Бул тууралуу "MMA Fighting" уюму маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, бул текшерүүдөн алгач кыз-келиндер арасындагы UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону Чжан Вэйли, Ли Цзинлян жана Ян Сяонань өтөт.
Чжан Вэйли 7-мартта Лас-Вегас шаарында UFC`нин экс-чемпиону польшалык Йоанна Енжейчикке каршы беттешет. Ли Цзинлян ушул эле турнирде америкалык Нил Магниге каршы беттешмекчи. Ал эми Ян Сяонань 22-февралда Жаңы Зеландиянын Окленд шаарында өтүүчү турнирде польшалык Каролина Ковалькевичке каршы беттешет.