Бүгүн, 24-апрелде Ош шаарына Польшадан 9 дарыгер келди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев SUPER.KG порталына билдирди. Ал дарыгерлерди аэропорттон өзү тосуп алды.
"Саат 12:40та Польшадан келген 9 медицина кызматкерин тосуп алдык. Азыр мейманканага алып барабыз. Мейманканага дарыгерлер тобу жайгашкандан кийин тамактанышып, график менен ооруканаларга барышат. Алар жергиликтүү дарыгерлерди окутуп, тажрыйбалары менен бөлүшөт", - деди Каратаев.