Коронавирус менен жабыркаган Харбин шаарынын жашоочусу дени сак кызды жарык дүйнөгө алып келди

Кытайдын Харбин шаарынын жашоочусу кош бойлуу кезинде коронавируска кабылган, ошого карабастан дени сак кызды жарык дүйнөгө алып келген. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, ал кош бойлуу болгонунун 38-аптасында кооптуу делинген коронавируска кабылган. Анын абалы канчалык оор болгонуна карабастан дарыгерлер ага кесарево жасоону пландашкан. Операциянын жыйынтыгында эне салмагы 3 килограмм 300 грам болгон дени сак ымыркайды жарык дүйнөгө алып келген. Дарыгерлердин айтымында, жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалы жакшы. Ал эми эне менен баланы атайын палатага которушкан жана дарыгерлердин көзөмөлүндө деп жазылган маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
joolugushchuukundorbar
2020-02-03 17:39:26
Жагымдуу кабар. Энеси баланын бактысына айыгып кетсин. Эч бир наристени энеден ажыратпасын...
+13
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан