Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө пункттары көбөйдү

Өлкөдө калкты коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүчү убактылуу пункттардын саны 88ге жетти. Ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына ылайык, убактылуу эмдөө пункттары 2 шаар, 7 облуста иштеп жатат.
"Спутник V" вакцинасы менен Бишкек шаарынын №2,6,7,8 жана Сокулук, Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда эмдөө жасалууда.
Коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабында илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери, укук коргоочулар, билим берүү тармагынын адистери, бажы кызматкерлери жана башка кызмат адамдары вакцина алышат. Экинчи этапта 65 жаштан жогорку курактагы жана оорусу курчуп кете турган жарандар эмделсе, үчүнчү баскычта коомдун аярлуу катмарына киргендер жана каалоочулар эмделет.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдетине каршы эмдөө 29-мартта старт алып, бүгүнкү күндө эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны 20 миң 458 болду. Ал эми анын 606сы вакцинанын экинчи дозасын алышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан