Кыргызстанда Орто Азиядагы диний коопсуздуктун учурдагы абалы талкууланат. Бүгүн, 21-августта Бишкекте "Дин жана коопсуздук" аттуу конференция өтүп, теманы талкууга алууга Орусия мусулмандарынын башчысы Равил Гайнутдин, Түркиянын муфтийинин орун басары Мехмед Гермез, Казакстандын муфтийи Ержан Маямеров, Тажикстандын муфтийи Абдукадирзада Саид Мукарам жана башкалар катышат. Олуттуу көйгөйлөр козголгон жыйынга өкмөт өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү да катышмакчы. Иш-чаранын максаты - диндер аралык мамилелерди жөнгө салуу жагынан тажрыйба алмашуу.