Ош ОИИБинин жол-кайгуул кызматкерлери 20-августтан 10-сентябрга чейин “Көңүл бургула, балдар” аттуу рейд жүргүзөт. Рейддин максаты - өспүрүмдөр катышкан автокырсыктардын алдын алуу, ата-энелерди балдарына жетиштүү көңүл бөлүүгө, айдоочуларды жол эрежесин сактоого үндөө. Учурда мектептерге жакын жерлерге жол-кайгуул кызматкерлери жайгаштырылганын мекемеден билдиришти.