Депутаттык комиссия 2010-жылы Июнь окуяларында жабыркаган Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик дирекциянын ишинен мыйзам бузууларды тапты. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Назарали Арипов билдирди. Айтымында, комиссия өз ишин аяктап калды, жакында парламентке комиссиянын бүтүмү тапшырылат. “Баарын кайрадан текшерип чыгып, баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына берилет. Мамдирекциянын иши боюнча суроо көп. Мисалы, ишке берилчү 33 мекеменин 17си бүтө элек. Дирекция өз ишин жок дегенде 70 пайызга бүтүргөн болсо, кеп башкача болмок”,- деди Арипов. Депутаттын билдиришинче, дирекцияга 42 штаттык орун берилгени менен 70тей жумушчу иштеген. “Кызматкерлердин саны неге өсүп кетти? Айлык акылары да мыйзамсыз жогорулатылган”,- деп кошумчалады ал. Дирекцияга мамлекеттик бюджеттен 4 миллиард 600 миллион сом бөлүнгөн. Дирекцияны убагында азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.