Жогорку Кеңеште Илим-изилдөө борбору түзүлдү

Жогорку Кеңеште парламентаризмди өнүктүрүү  жана  мыйзам чыгаруу ишине илимий-укуктук талдоо жүргүзүү максатында Илим-изилдөө борбору (ИИБ) түзүлдү. Аталган борбор ушул жылдын январь айында кабыл алынган «Жогорку Кеңешти 2016-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын» алкагында ишке ашырылып жатат. Борбордун негизги милдеттери - өнүктүрүү стратегиясында камтылган иш-чараларды жана долбоорлорду турмушка ашыруу, ЖКнын ишмердүүлүгүн илимий-укуктук жана маалыматтык жактан камсыз кылуу, мамлекеттик маанилүү маселелер боюнча мыйзам актыларын иштеп чыгууга илимий укуктук жактан негизмеде берүү. Мындан сырткары аталган борбор мыйзамдарга анализ жана мониторинг жүргүзүп, анын натыйжасында мыйзам чыгаруу ишинде орун алган айрым бир карама-каршылыктарды четтетүү, укуктук боштукту жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Ошондой эле Кыргызстан менен чет өлкөлөрдүн мыйзам базасын салыштыруу иштерин жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан