21-августта Токмок шаарында белгилүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун эстелиги ачылды. Эстелик анын 85-жылдык мааракесине карата тургузулду. Иш-чарага өлкө башчы Алмазбек Атамбаев баштаган жогорку бийликтегилер, депутаттар, жергиликтүү тургундар катышты. Мамлекеттик ишмердин кызы, учурда Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова да ал жерде болду жана атасы тууралуу эскерүү сөзүн айтты. Өлкө башчы болсо мамлекеттик ишмердин таза иштеген инсан экендигин баса белгиледи. "Эгерде биз акыркы 20 жылда Султан Ибраимовдой жана анын командасындай иштегенде азыр Кыргызстан таптакыр башкача болмок. Ал биздин эсибизде калыс, таза иштеген инсан катары калат",- деди өлкө башчы. Ишти жөнөкөй тракторчу болуп иштөөдөн баштаган Ибраимовдун өлкөнүн министрлер кеңешинин төрагалыгына чейин өсүп жетишин президент анын таза иштегени менен байланыштырды. "Биз Султан Ибраимов кыялданган өнүккөн өлкөнү курарыбызга ишенем",- деди ал.