31-август эгемендүүлүк майрамына карата Ош шаарында улуттук оюндар өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин адиси Фаррух Сыдыков билдирди. Мелдештер майрам күнү Навои сейил багында өтүп, шаардыктар тогуз коргоол, ордо, күрөш оюндары боюнча күч сынаша алышат.