Учурда Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыдан 1 миллиард 833 миллион метр кубга аз

21-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 378 миллион метр кубду түздү. “Электр станциялары” ишканасынын билдиришинче, 2012-жылы бул көрсөткүч 17 миллиард 211 миллион метр кубду түзгөн. Суу сактагычка суунун агып кириши учурда секундуна 567 метр кубду, суунун агып чыгышы 392 метр кубду түзүүдө. Былтыр 21-августта суунун агып кириши 520 метр кубду, агып чыгышы 396 метр кубду түзгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан