Атактуу мушкер Виталий Кличко Украинада өтүүчү кийинки президенттик шайлоого талапкер болушу мүмкүн экенин билдирди. Ал мындай пикирин Львов шаарында өткөн иш-чаралардын биринде билдирди. "2015-жылдан тарта Украинада жаңы доор башталат. Мен президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрөм. Бул боюнча акыркы чечимди кабыл алуунун алдында коомчулуктун пикирин угууну пландап жатам",- деди Кличко. Айтымында, бул шайлоого оппозициядан жалгыз гана талапкер чыгышы керек. Айта кетсек, Виталий Кличко учурда УДАР (Реформа үчүн украиналык демократиялык альянс) партиясынын лидери.