Бишкек шаарындагы Ортончу Жал кичи районунун жашоочулары ӨКМ, ИИМ жана Саламаттыкты сактоо министрлигине нааразы. Белгилүү болгондой, 19-август күнү аталган райондогу №23-үйдүн алдындагы балдар аянтына экинчи ирет сымап суюктугу төгүлгөн. “Биринчи жолу 7-июлда төгүлгөндө да ӨКМнын кызматкерлери толук кандуу тазалаган эмес, сымап төгүлгөн аймакты тасма менен тосуп коюп, 2 күн өткөн соң ал тасмасын чечип кетишкен. Алардын марганцовкадан башка эч нерсеси жок экен, бизден чака сурап жүрүштү”,- дейт №23-үйдүн жашоочуларынын бири Зейнеп Абдиева. Ошондой эле ал: “Медицина кызматкерлери ар бир үйдү кыдырып, текшерүүдөн өткөрүшсө болмок. Алар "сымаптын зыяндуулугу жок" деп жатышканы менен, биз интернеттен анын зыяны бар экенин окуп жатабыз. Жашоочуларда баш оору, жүрөк айлануу жана башка ар кандай белгилер болуп жатат. Дарыгерлер болсо 4-5 кишиге гана №2-ооруканага жолдомо беришти”,- деди. Мындай көрүнүш экинчи ирет кайталанып жатса да, ИИМ кылмыш ишин козгобой, сымап ким тарабынан төгүлгөнүн издеп, ишти аягына чыгарышпай жаткандыгын кошумчалады ал. Бул боюнча "Кылмыш иши козголдубу?", "Тергөө жүрүп жатабы?" деген суроо менен Бишкек ШИИББине кайрылдык. Башкармалыктын басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казабаев сымаптын чогултулган калдыктары соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө жөнөтүлгөнүн айтып, анын ден соолукка канчалык зыяндуу экендиги аныкталгандан кийин ошого жараша кылмыш иши козголорун билдирди.