"Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаев кызматынан бошотулду

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты өкмөттөн тастыкташты.

Мындай чечим коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы менен кабыл алынгандыгы айтылат маалыматта.

Буга чейин коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев "Унаа" мамлекеттик ишканасындагы кемчиликтерди белгилеп, анда мекеменин жетекчилиги автоунааларды каттоонун, тийиштүү документтердин онлайн берүү системин ишке киргизбегенин айткан.

Алымжан Козубаев "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине 2019-жылдын июль айында дайындалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан