Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буга чейин бул кызматты Алтынай Өмүрбекова аркалаган. Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр кызматына Аида Исмаилованы шайлады.
Аида Исмаилова 1976-жылдын 17-декабрында Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал 1999-жылы Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинен экономист-чыгыш таанучу кесибине ээ болгон. Эмгек жолун 1997-жылы, студенттик кезден баштаган.
"Баласагын" жеке менчик мектебинде корей тилинен мугалим болуп эмгектенген;
1998-2002-жылдары "Пхурыл Киль" ЖЧКсында котормочу;
2002-2005-жылдары "Хануль" ЖЧКсында негизги менеджер, котормочу;
2005-2006-жылдары "Венчур Си энд Си Плаза" компаниясында котормочу;
2006-2008-жылдары "Венчур Си энд Си Плаза" компаниясында негизги менеджер – котормочу;
2006-2010-жылдары кореялык PARK8 OPC Компаниясынын Кыргыз мамлекетиндеги жергиликтүү өкүлү;
2011-2015-жылдары "Silk road services" ЖЧКсынын генералдык директору;
2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.