Коронавирустан каза болгондордун саны 1 миң 383кө жетти. Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы коронавирустан жабыркагандар тууралуу маалымат таратты.
Жазылган маалыматка ылайык, вирусту жуктуруп алгандардын саны 64 миң 429 адамды түзөт. Алардын ичинен 1 миң 383 жаран көз жумган. Ооруканадан 7 080 жаран дарыланып чыгышкан.