"Орусиянын 3 вакцинасы тең ишенимдүү". Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Ал өзүн жакшы сезип жатат", - деди маалымат катчы Дмитрий Песков.

Песков Путин Орусиянын үч вакцинасынын кайсынысын тандап алганын айткан жок.

"Ошондой эле президенттин кайсы вакцина менен эмделе тургандыгын атайын көрсөтпөй, "Орусиянын 3 вакцинасы тең ишенимдүү жана натыйжалуу" деп белгиледи Песков.

Орус лидеринин эмдөөдөн өткөнү башка өлкөлөрдөгү айрым саясатчылардыкындай коомдук иш-чара болгон жок. Маалымат катчы шейшембиде журналисттерге мунун себептерин мындайча түшүндүрдү: "Камералар алдындагы эмдөө Владимир Путинге жакпайт".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-03-24 11:25:24
Эмдөөдөн өткөнү деле калп
-1
nazira...
2021-03-24 12:10:42
Эмне уколду (вакцинаны) жамбашка саят бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан