Корея Элдик Демократиялык Республикасы бардык чет элдик жарандардын карантин мөөнөтүн 30 күнгө узартты

Корея Элдик Демократиялык Республикасы (Түндүк Корея) дүйнөгө тарап жаткан коронавирусуна байланыштуу өлкө аймагында жүргөн бардык чет элдик жарандар үчүн киргизилген карантиндин мөөнөтүн 30 күнгө узартты. Бул тууралуу Пхеньяндагы Орусиянын элчилигинен билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, Корея Элдик Демократиялык Республикасынын элдик жогорку президиумунда Саламаттыкты сактоо комитетинин жетекчисинин сунушу менен коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында өлкө аймагындагы бардык чет элдик жарандарга киргизилген карантиндин мөөнөтү 30 күнгө узартылды. Бул талапты бардык чет элдик жарандар аткарууга милдеттүү.

Буга чейин Корея Элдик Демократиялык Республикасы 4-февралда өлкө аймагына кирүүгө жана чыгууга тыюу салган. Эгерде кандайдыр бир себептер менен кирген болсо, 15 күндүк карантинден өтүшү милдеттендирилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Agayu
2020-02-15 02:27:28
Кытайга толук көз каранды болсо да з мыйзамын иштегенин байкадыңарбы?
0
ZUXRIDDIN20
2020-02-16 06:58:28
Agayu,ким айтты көз каранды деп Тундук Кореяны?
Тундук Корея бут Дуйно жузундогу ма мамлекеттерди духун алып койдуго 2жыл мурун. Ким Чен Ын чыгып айттыго жаңы жасагам атомдук бомба менен Любойуңу ХХХХ деп. Америка артын карабай качтыго.
0
ZUXRIDDIN20
2020-02-16 07:02:42
Т.Корея Кыргызстандын жарымы менен эле тең аймагы
А бирок өзүнун аёсуз, кучтуу, армиясы менен Франция Америка, Япония, Кытай, жадакалса Россияны деле дирилтедип жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан