5-июндан тарта ички аба каттамдар жана аймактар аралык коомдук транспорт каттап баштайт. Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында айтылды.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары текшерүүнүн алгоритмин так аткарууга жана талап кылынган санитардык чаралардын сакталышын көзөмөлдөөгө даяр болушу керектигин белгиледи.
Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр Бишкекте инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу жогору болуп турганын айтып, олуттуу жагдайлар болбосо борборго келбей турууну эскертти.
Жыйында Бишкектеги соода-сатык жайлары, соода борборлору, дүкөндөр, кафелер жана коомдук транспорттор жана коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактабагандыгы боюнча сындар айтылды.
Мындан тышкары 25-июндан тарта балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлери иштей баштай тургандыгы кошумчаланды.