Кыргызстандагы кенже класстын 1 окуучусунун тамагына күнүнө 7-10 сом бөлүнөт
Кыргызстандагы мектептерде 400 миң окуучуга ысык тамак берилет. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги 22-августта кабарлады. Министрлик 2013-жылга мектептердеги 1-4-класстын окуучуларынын тамак-ашына республикалык бюджеттен 475 миллион сом бөлүнгөнүн да билдирди. Ошондо бир окуучуга күнүнө 7-10 сомдон бөлүнөт. Бийик тоолуу, шарты катаал аймактардагы окуучулардын тамагына күнүнө 10 сом берилет. Өлкөдө 2 204 мектеп ашканасы иштейт.