Коронавирустун белгилерин аныктоочу тест системдер Кыргыз өлкөсүнө алып келинет. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин оперативдүү штабынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирустун белгилерин бир нече саатта аныктоочу аппараттар Орусиядан алып келинет. Тест системден 2 миң даана келери белгилүү болду.