Бүгүнкү күндө маанилүү болгон азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе жок. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде онлайн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
"Эң негизги маселе азык-түлүк коопсуздугу боюнча эч кандай чоң маселе жок экенин расмий түрдө билдиребиз. Анткени 11 социалдык маанилүү азык-түлүк боюнча көйгөй жок", - деди ал.
Ошону менен катар эле азыркы тапта жазгы талаа иштери жүрүп жатканын кошумчалады.