БШК өлкөдө бир катар айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирди. 4-сентябрда бул айылдарда шайлоо өтөт:
Кум-Дөбө айыл өкмөтү. Нарын облусунун Кочкор району
Акназаров айыл өкмөтү. Талас облусунун Бакай-Ата району
Жайыл айыл өкмөтү. Чүй облусунун Жайыл району
Ильич айыл өкмөтү. Чүй облусунун Кемин району
Жаңы-Алыш айыл өкмөтү. Чүй облусунун Кемин району.