Ош. Жаштар “Сүйүү унаасын” иштеп чыгышты

Ош шаарындагы жаштар сүйүшкөндөрдүн көңүл ачуусу үчүн “Сүйүү унаасын” ойлоп табышты. Долбоордун демилгечилери Маматалы уулу Акылбек менен Батырханова Дарыя. Алар кичи автобустун ичин өзгөчө дизайнда жасалгалашты. Унаа 6 адамга ылайыкташтырылган. “Адамдар окшош нерседен жадап калышты. Жаштарга өзгөчө атмосфера тартуулайлы деп ушул унааны ойлоп таптык”,- дейт Акылбек мырза. Уюштуруучулардын айтымында, унаага көбүнчө сүйүшкөн кыз-жигиттер, бири-бирине сүйүүсүн арнаган жаштар түшүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан