21-августта Каракол шаарында облус активдеринин жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ысык-Көл” форуму болуп өттү. Иш-чаранын максаты - “Кумтөрдүн” буга чейинки ишин талкуулоо. "Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондуна" бөлүнгөн каражаттын эмнеге жумшалып жатканы да талкууланды. Жыйында ЖКнын депутаты Эркингүл Иманкожоева “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын өкмөт 10-сентябрда бере турганын белгиледи.