Кыргызстанда мектеп окуучуларынын 70 пайызы окуу китептери менен камсыздалды. Муну 22-августта маалымат жыйын берген билим берүү жана илим министри Канат Садыков айтты. Министр өткөн жылы окуучуларды керектүү китептер менен камсыздоо 55-60 пайызды түзгөнүн кошумчалады. Айтымында, 2013-жылдын аягында өлкөдө 44 жаңы мектеп, 1 бала бакча ишке берилет.