Канат Садыков: "Ата-энелер мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууларга каршы турушу керек"

"Ата-энелер мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууларга каршы күрөшүүсү керек",- деп билдирди билим берүү жана илим министри Канат Садыков 2-августтагы маалымат жыйында. Министр белгилегендей, мындай мыйзамсыз көрүнүш Бишкектеги орун тартыш болгон элиталык мектептерде орун алууда. "Министрлик ата-энелерден акча чогултууну токтотуу боюнча буйрук чыгарган. Бирок дагы деле чогултулуп жатканы тууралуу арыз түзүүдө. Биз 2 миңден ашык мектептин баарын көзөмөлдөй албайбыз, буга ата-энелер да жардамдашса",- деди министр. Садыков түшкөн арыздар боюнча текшерүү жүрүп жатканын, акча талап кылган мектеп жетекчилигине катуу чара көрүлө турганын кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан