"Апа, мен сизди аябай сагындым". Кытайда эне-бала коронавирусту жуктуруп албоо үчүн жакындаша алган эмес

Кытайда апасы менен бир нече убакыттан бери көрүшө элек өспүрүмдүн аянычтуу видеосу интернет желесине тарады. Видеодон кыз менен эненин оорукананын алдында бири-бирине сезимдерин арнап жатканын байкоого болот.

Маалым болгондой, өспүрүм кыз апасы менен бир топ убакыттан бери көрүшө элек. Анткени апасы коронавируска чалдыккандарды дарылап, ооруканада иштеп жүрөт. Мындан улам кыз апасын туулган күнү менен куттуктап, ага дем-күч берүү үчүн оорукананын алдына келген. Алгач өспүрүм апасына бийлеп берип, андан кийин атайын жазган катын окуган.

"Апа, мен сизди аябай сагындым. Коронавируска чалдыккандарды дарылоону уланта бериңиз. Бирок өзүңүзгө да кам көргөндү унутпаңыз. Жумуш бүтөрү менен үйгө кайтып келиңиз", - деген сөздөр катта камтылган.

Коронавирусту жуктуруп албоо үчүн эне-бала кучакташып, бири-бирине жакындаша алган эмес. Алардын ортосун бир канча метр аралык бөлүп турган.

Кытайда медайым кызы менен алыс аралыктан сүйлөштү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akmanai
2020-02-20 16:49:49
Эк ыйлаттынар мени
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан