UFC уюмунун чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедов коронавирус пандемиясынан улам жылдырылып жаткан UFC 249 турнири боюнча түшүнбөй жатканын өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Негизи эле эмне болуп жатканын түшүнбөй жатам. Биз беттешебизби? Беттеш каякта болот? Мен өзүмдү мындай элестете албайм. UFC 249 сен кандай немесиң?", - деп жазып калтырган орусиялык мушкер.
Маалыматка ылайык, UFC 249 турниринин алкагында Нурмагомедов-Фергюсон беттешин 18-апрелде Нью-Йорк шаарындагы 19 миң көрүүчү бата турган "Барклайс-Центр" спорттук аренасында өткөрүү пландалган. Бул шаарга өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин UFC уюмунан беттешти өткөрүүгө ыңгайлуу жай издеп жатканын билдиришкен.