Бишкектин Сельсовет жана Мукаш Абдраев көчөлөрүндө көчө жарыктары орнотулду

Бишкектин Сельсовет жана Мукаш Абдраев көчөлөрүндө көчө жарыктары орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жалпы узундугу 1 чакырым 700 метрди түзгөн бул көчөлөрдө 130 зым карагайлар оңдолуп, электр чубалгылары алмаштырылып, энергия үнөмдөөчү лампалар коюлду. “Көчөлөрдү жарыктандыруу иштери “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы актуалдуу маселе. Учурда бул көчөлөргө балдардын спорт, эс алуу аянтчаларын уюштуруу маселеси каралууда, жылдын аягына чейин аларды ачуу белгиленүүдө. Ошондой эле үйлөрдү борбордук канализацияга кошуу, жолдорду оңдоо маселелери да каралууда”,- деди Ленин райондук администрация башчысы Алтынай Өмүрбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан